19:06
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Бишкекте беш жашар бала балкондон секирүүгө аракет кылган

Бишкекте беш жашар бала балкондон секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22- мартта катталган. Бала үйдө жалгыз калган.

"Кошунасы өтүп бара жатып баланы балкондон көрүп калган. Ата-энесине байланышка чыгуу мүмкүн болбогондуктан, ӨКМга чалышкан. Окуя катталган жерге барган куткаруучулар баланы экинчи кабаттын балконунан түшүрүп, энесине өткөрүп берген",- деп маалымдайт ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар