Tez Jet авиакомпаниясынын Баткенге учкан учагы кайра Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Баткенде коюу туман тургандыктан учак коно алган эмес. Азыр каттам башка күнгө жылдырылды.
Эскерте кетсек, буга чейин 1-13-мартта эки жолу Баткенге учкан учак жолдон кайтып келген.


