Кыздын өздүгү такталып, ал Н.А. аттуу 26 жаштагы Таластын тургуну экени аныкталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкектин тургунун кармаган.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда окуя декабрдын башында катталган. Алар чатакташып кетип, бала кызды өлтүрүп алган. Изин жашыруу максатында жансын денени «Ак-Ордо» жаңы конушуна алып барып, таш менен корумдап койгон.Эскерте кетсек, өздүгү белгисиз, азиат улутундагы кыздын жансыз денеси 24- мартта, саат 14:30 чамасында Ак-Ордо жаңы конушунун 206 участкасында табылган. Ал адам колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.


