Үйлөнүү тойдо катталган массалык уулануунун себеби аныкталганча
«Ала-Тоо» ресторанын убактылуу жабуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.
2-апрелге карата алынган маалыматка ылайык, тамактан уулангандардын саны
173 кишиге жеткен. Алардын 150сү Бишкекте болсо, 23 киши башка аймактарда.


