Өкмөттүн отставкасынан кийин көпчүлүк коалициясынын курамын өзгөртүү маселеси каралат. Бул тууралуу 24-kg.com" агенттигине депутат Акылбек Жамангулов билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлдөрү мамлекет башчынын буйругун күтүүдө.
«Эгер президент парламенттин чечимин колдобосо, анда Сапар Исаков ишин улантат. Бүгүн так жообун алабыз деп ойлойм», — деди депутат.
Ал учурда коалициялык көпчүлүктүн курамын өзгөртүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады.
«Бирок кайсыл фракциялар кире турганын азырынча так айта албайм», — деди ал.


