«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге эч ким кысым көрсөткөн жок. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан билдирди.
Маалыматка ылайык, саясатчыны башка бир камерага которуу тууралуу сөз дагы болгон эмес.
«Текебаевди эч ким коркуткан жок. Ал № 47- абактан дарылануусун улантат», — деп маалымдашты мекемеден.Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин жалпы жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевге абакта кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырган.


