«Раим-миллион» деген ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко берди. Маалыматты анын Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган бир тууганы Искендер Матраимов «24-kg.com» агенттигине тастыктады.
Искендер Матраимов, бир тууганы мурдагы өкмөт башчыны эмненин негизинде сотко бергени тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
«Чоо-жайын бир тууганымдан сурагыла. Жумушта мен анын агасы эмесмин, депутатмын», — деди Искендер Матраимов.
Сапар Исаковдун кадр маселесин чечүүдө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин сууга чөкпөс мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду иштен алуусу коомдо катуу талкуу жараткан.
Раим-миллионер жетекчиликтин чечимдерине жана саясатына анын ишмердиги дал келбегендиги үчүн иштен алынган.
Райымбек Матраимов аны ошол кездеги өкмөт мыйзамсыз иштен алган деп эсептейт. Доо арыздын суммасы азырынча белгисиз.


