Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында, Нарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +20...+22 градуска чейин жылуу болот.


