«Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Клара Кабилова депутат болду. Ага депутаттык мандат тапшырылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Маалыматка ылайык, Клара Кабилова башка мамлекеттин жараны эмес экени тууралуу Орусиянын тиешелүү органдары тастыктаган.Эскерте кетсек, Клара Кабилова Гүлнара-Клара Самат деген ат менен Аида Салянованын ордуна «Ата Мекенден» Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.


