06:32
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Бишкекте ичеги инфекциялары менен ооругандар көбөйдү

Бишкекте Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына ичеги инфекциялары менен ооруп кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине медициналык мекемеден билдиришти.

«Бир сутка ичинде 230-250 бейтап кайрылууда. Мурда кайрылгандардын ичинен ичеги инфекциялары менен ооругандардын саны 20-30 болгон болсо, учурда алардын саны 70ке жетет. Бейтаптардын абалына карап жарымына жакынын жаткызып атабыз. Негизинен жаш балдар. Албетте, бул биринчиден ата-энелердин күнөөсү. Балдарына көңүл бурушпайт, колдорун жуушпайт. Буга кошумча өспүрүм балдар жуулбаган жашылча, жемиштерди жешет», — дешти аталган мекемеден.

Негизинен ооруканага Бишкектен жана жакын жайгашкан райондордон бейтаптар кайрылышууда. Медиктер бул ооруу менен жабыркагандардын саны дагы өсө турганын билдиришүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар