Super.kg порталынын журналисти УКМКга чакырылды. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агенттигине сайттан ырасташты.
Алардын маалыматында, эртең менен журналисттин телефонуна чалып, УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, анын келип-кетүүсүн суранышкан.
Сайт бул аракетти сөз эркиндигине кысым катары баалап, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго чара көрүү сунушу менен кайрылышты.
Маалыматты УКМКдан ырасташты. Алардын айтымында, журналист Нурганы Аматов 15-майда сайтка жарыяланган маалымат боюнча маекке чакырылды.
«15-майда сайтка Бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматов камоого алынгандыгы жазылган. Ошол боюнча маекке чакырылды» — дейт УКМК.


