Балыкчыда сабалган 2 жаштагы баланын абалы туруктуу. Ал керектүү дарыларды алып жатат. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын берген маалыматына таянсак, наристе Балыкчы аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө 28-майда баш мээси чайкалган абалда келип түшкөн.
Учурда баланы социалдык кызматкер карап жатат.Эске салсак, Балыкчыда 33 жаштагы аял 2 жаштагы наристени сабап салган. Маалыматка караганда, сабалган наристенин апасы Каракол шаарына жумуш издеп кетип, баланы күйөөсүнүн бир тууганына таштаган. Наристе шымына заара ушатып койгондугу үчүн сабалгандыгы айтылууда.


