«Баткен» жана «Ош» бажысынын жетекчилеринин иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу жабдуулар боюнча иш козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы «24-kg.com» агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, эки факты боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
«Кылмыш кодексинин 136- беренеси («Телефондук, почта, телеграф, электрондук жана башка сүйлөшүүнүн купуялыгын бузуу») менен иш козголгон» — дейт маалымат кызматы.
Эскерте кетсек, бажычылардын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылганын депутат Мирлан Жээнчороев 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


