01:38
USD 87.45
EUR 101.90
RUB 1.14

Кыргызстандагы 145 мектеп-интернатында 12 миңден ашык бала тарбияланат

Кыргызстандагы 145 мектеп-интернатында 12 миңден ашык бала тарбияланат. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, мектеп-интернаттарындагы балдардын 683ү тоголок жетим.

«Ал эми өлкө боюнча 24 миң бала туугандарынын колунда тарбияланат. Анткени алардын ата-энелери чет өлкөдө. Ал балдар ар кандай зордук-зомбулуктарга кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт», — дейт Назгүл Чолумова.

Эң көп окулган жаңылыктар