22:43
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11

ЖАМКтын аскер бөлүмүндө жоокер өзүн-өзү атып каза болду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коргоо жана конвоирлөө Департаментинин бөлүмүндө жоокер өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзүн атып алган жоокер 2000-жылы туулган Б.А. экени аныкталды. Ал аскерде кызмат өтөө үчүн өлкөнүн түштүк аймагынан чакыртылган.

Окуя 6-июнь күнү болжол менен саат 10:40та болгон.

Аталган окуяга байланыштуу аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар