00:56
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11

Таласта катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры талкаланды

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда болгон катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры талкаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн саат 10-11 чамаларында аталган райондо ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталды.

Кесепетинен Көк-Сай айылындагы А.Токтокожоев атындагы орто мектептин чатыры учуп кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар