Бишкектеги Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган маршруттук унаада жабыркаган жүргүнчүлөр бар. Окуя болгон жерге тез жардам унаасы келди. Тартип сакчылары иш алып барышууда.


