Таш-Көмүр шаарында ӨКМнын аскер бөлүмүнүн прапорщиги жоокерлерди сабап салды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, прапорщик казармадагы жоокерлерди чогултуп аларды ур-токмокко алган.
«Жабырлануучулардын айтымында, кол көтөргөн аскер адамы мас абалында болгон. Казармадагы 24 жоокерден 9у жабыркады. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Шектүү Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинди», —деди Нурдин Сулайманов.


