Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы үйдүн короосунан үй ээсининин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өлүк табылган чуңкурдун тереңдиги 1 метр 90 сантиметр, туурасы 110 сантиметр болгон. Каза болгон жаран 62 жаштагы А.А аттуу тургун болгон.
Учурда өлүмдүн себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды.


