05:00
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Эки депутат согушуп кетишти. Бирөөсү ооруканага жаткырылды

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын жергиликтүү кеңешинде эки депутат согушуп кетишти. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине айылдык башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, майрамдык столдо отурушкан Абулла Шарипов менен Идрис Джонвуза экөөнүн ортосунда келишпестик жаралып, согушуп кетишкен.

Москва РИИБнын кызматкерлери «24-kg.com» агенттигине билдиришкендей, Идрис Джонвуза Абулла Шариповго карата арыз жазган. Экинчи депутат кармылып, убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Жабырлануучу ооруканада жатат.

Эске салсак, эки депутат тең кандайдыр-бир партиянын мүчөлөрү эмес, алар шайлоодо өзүлөрүн өзү көрсөтүшкөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар