Мурунку экономика министри Темир Сариевди УКМК кайрадан суракка чакырды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, мурунку аткаминер буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берет.
Эске салсак, ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 4 кылмыш иши козголуп, ага тиешеси бар делген энергетика тармагындагы 7 аткаминер камалган. Алардын арасында Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазов бар.
Мындан тышкары мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго жемкорлук айыбы тагылып, камакка алынышкан.


