Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын тургундары айыл өкмөт башчысы Баги Ибрагимге нааразы болушууда. Бул тууралуу айылдыктар «24-kg.com» агенттигине билдиришти.
Маалыматка караганда, Баги Ибрагим айылдын так ортосундагы жерден мыйзамсыз шагыл каздырткан.
«Эми аянты 1 гектар тереңдиги 17 метрге жеткен чуңкурга айылдыктар акыр-чикир ташташууда. Эски полигон жабык. Экология бузулду. Биз кайда барып кимге арызданарыбызды билбейбиз», — дешет жашоочулар.
Жергиликтүү администрация казылган чуңкурда эч кандай мыйзам бузуу жок деп эсептейт. Алардын пикиринде, бул шагыл алуунун кадимки мыйзамдуу жолу.
«Айылдыктар өзүлөрү чуңкурга таштандыларды салышууда», -дешти айыл өкмөтүнөн.


