Кыргызстандык спортчулар күрөш боюнча дүлөйлөр арасында өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионатта 4 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, спорттук иш чара 12-июндан 19-июнга чейин Орусияда өттү. Ага 20 өлкөнүн 300дөн ашуун өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 3 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Чоңдор арасында эркин күрөш боюнча Миляс Марков (125 килограмм) -күмүш, Алмазбек Исаков (65 килограмм) — коло, грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды утуп алышты. Ошондой эле, өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды Смадияр Жумакадыров (45 килограмм) илип кетти.


