08:27
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Бир канча жолу мал уурдаганга шектүү тургундар кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бир канча жолу мал уурдаганга шектүү тургундар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, аталган райондо буга чейин мал уурулук боюнча 5 факты катталган. Уурулукка шектүү делип Акман айылынын 22 жаштагы Б.уулу А. жана Кызыл-Октябрь айылынын 23 жаштагы Э.уулу Д. Кармалды.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, жалпысынан ири мүйүздүү 6 мал уурдалып, ээлерине 173 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар