Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешине төрага болуп экинчи мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу ал өзү «24-kg.com» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, добуш берүү жашыруун жүргүзүлгөн. Анда 14 кишиден 12си Жыпар Жекшеевге добуш беришкен. Бирөө каршы болуп, дагы бир бюллетень бузулган.
Белгилей кетсек, КТРКнын байкоочу кеңешинин курамы 5 жылга шайланат. Уюмдун ички регламентине ылайык, кеңештин төрагасы жыл сайын шайланып турат.


