13:38
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Арашан айылында жергиликтүү тургундар ичүүчү таза суусу жок калышты

Чүй облусуна караштуу Арашан айылында жергиликтүү тургундар ичүүчү таза суусу жок калышты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине жашоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, айыл өкмөт башчысы айылдык кеңештин 5 депутаты менен үймө-үй кыдырып, суунун акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны көрсөтүүнү талап кылышкан.

«Сууга болгон төлөмдөрдү убагында төлөп жүргөн тургундардын баары суусуз калышты. Биздин эч кандай карызыбыз жок, документтерибизди көрсөткөнбүз. Бирок, сууну токтотуп салышты», — дешти айылдыктар.

Алардын пикиринде, айыл өкмөтүнүн чечими мыйзамсыз.

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, карызы бар тургундарга гана таза суу берүү токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар