Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев УКМКнын тергөөчүсүнө 7 миллион доллар берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев «24-kg.com» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Айбек Калиевдин жубайы мамлекеттик комитетке эч кандай акча берип жиберген эмес.
«Бул сандырактык! Айбек Калиевдин ЖЭБди модернизация кылгандыгы үчүн ТВЕАдан сыйлык алганы, мурунку премьер-министр Сапар Исаков 40 миллион доллар, экс-президент Алмазбек Атамбаев 100 миллион доллар алганы тууралуу маалымат берди дегени карандай калп. Мен өзүмө баардык жоопкерчиликти алуу менен Айбек Калиев андай көрсөтмө бербегендигин ишенимдүү айта алам», — деди Бактыбек Жумашев.


