11:47
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Өлкөнүн түштүгүндө жер силкинди

Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдиришти.

Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусуна караштуу Кызыл-Туу айылында, Шамалды-Сай шаарында 2,5 балл, Кум жана Теңдик айылдарында 2 баллга жеткен.

Жер титирөө 3-июлда түнкү саат 01:39да катталган.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар