Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган Айлин Албанова Борбордук Азиядагы Америка университетин тандады. Бул тууралуу ал «24-kg.com» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, кайсы факультетке окушу али чечиле элек.
«Мен аларга документтеримди тапшырганмын. Бирок, жооп ала элекмин» — деди Айлин.
Айлин Бишкек шаарындагы № 70 мектептин бүтүрүүчүсү. Ал 8-класска чейин № 61 мектепте окуган.2018-жылы ЖРТ боюнча жогорку баллга ээ болгон 59 жеңүүчү аныкталган. Кийинчерээк региондордогу мектептерде 216 балл алган 7 окуучу кошулган.


