16:58
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Кыргыз-тажик чек арасындагы өрттө Кара-Балта шаарынын тургуну жабыркады

Лейлек районунун Жаштык айылында болгон өрттө жабыркаган жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Кулунду айыл аймактык ооруканасынан билдиришти.

Алардын маалыматында, өрттөн бир киши ооруканага жеткирилген. Ал 1953-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Токтоназар Балтабаев.

«Ал бензовоздун айдоочусу. Май куюп жаткан кезде жакынкы газ станциясы жарылып кеткен. Экинчи даражадагы күйүк алды. Абалы туруктуу», — деп билдиришти ооруканадан.

Эң көп окулган жаңылыктар