Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу милициянын генералы кылмыштын курамында болбогондугу менен түшүндүрүлдү.
Эске салсак, ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.
Ошол эле жылдын 26-апрелинде Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал камакка алынган. Кийинчерээк аны кое беришкен болчу.


