Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагында узундугу 46 чакырымды түзгөн канал курулуп баштады. Бул тууралуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган каналдын курулушу менен 1 500 гектар дың жер өздөштүрүлмөкчү.
Билдирүүгө ылайык, канал Кытай тарабынан кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 миллион сом каражатына курулат. Биринчи 12 чакырым узундуктагы эски канал оңдолуп, андан кийин 4 чакырым магистралдык канал менен 30 чакырым чарбалык кичи каналдар курулат.


