«Айкөл Ала-Тоо» коомдук фондунун мүчөлөрү мурунку ички иштер министр Молдомуса Конгантиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, президентке кайрылышты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине аталган уюмдан билдиришти.
Апрель революциясынын баатырларынын пикиринде, укук коргоо органынын мурунку башчысы Бакиевдердин үй-бүлөсү башкарып турган бийликти узурпациялагандыгы үчүн жоопко тартылышы керек.
Эске салсак, буга чейин жактоочу Икрамидин Айткулов «24-kg.com» агенттигине Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулганын билдирген.


