Бишкекте жер аянтын мыйзамсыз берүү тууралуу иш боюнча шаардын вице-мэри Ренат Макенов суракка чакырылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине жеке булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, Ренат Макенов буга чейин 1 күн мурун сурак берип чыккан. Бүгүн УКМКнын тергөөчүсү аны кайрадан чакыртып, учурда сурак берүүдө.
Эске салсак, Башкы прокуратура Жер ресурстары башкармалыгы тарабынан жер аянттарын мыйзамсыз берүү фактысынын бетин ачкан. 2014-жылдын октябрында муниципалдык менчик башкармалыгы жеке жактарга 12-кичи райондон 3,38 гектар аянттагы жерди 1 жылдык мөөнөт менен берип койгон.
Ал кезде аталган башкармалыкты Ренат Макенов жетектечү.


