Орусияда эмгек мигранттарын каттоого алуу эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди. Ага Орусиянын президенти Владимир Путин июндун аягында кол койгон.
Мыйзамга ылайык, мындан ары өлкөгө иштегени барган мигрант жашаган жеринде гана каттоого турушу керек болот. Мурда жумуш берүүчү мигранттарды ишкананын юридикалык дареги боюнча каттоого алып келсе, эми ага уруксат берилбейт.
Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда тогуз миллионго жакын эмгек мигранты бар.


