Ош шаарында тургун 1 килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Салиев көчөсүнөн Кара-Суу районунун 1991-жылы туулган тургуну кармалган. Аны тинтүү маалында жанынан 1 килограмм салмактагы баңгизат табылды.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга алынып келинди.


