Кыргызстанга дарбыздарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган Тажикстандын жарандары колго түштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тажикстандын эки жараны көзөмөл-өткөрүү пунктунан сырткары жерден унаасы менен 4 миң 500 тонна дарбызды алып кирүүгө аракет кылышкан.
Текшерүү маалында шектүү жарандардын жүккө карата тиешелүү документтери жок болуп чыкты.
Кармалгандар жүгү менен кошо тиешелүү органдардарга өткөрүлүп берилди.


