01:08
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Москвадагы кыргыздар «Манас» аттуу чакан кинотеатр ачышты

Москвада «Манас» аттуу чакан кинотеатр ачылды. Анын негиздөөчүлөрү Россияда иштеген кыргызстандык мигранттар.

Кинотеатр Дмитровское шоссе −56 дарегинде жайгашып, жанында мейманкана дагы бар.

Маалыматка караганда, анда жалаң кыргыз тасмалары көрсөтүлөт. Расмий ачылышы 12-июлга белгиленген.

Бул айда «Мегатой 2», «Бажарики 2», «Ата» тасмалары коюлат. Билет баасы 300 рубль.

Эң көп окулган жаңылыктар