Башкы прокуратура мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык чыгым алып келүү фактысы боюнча бажы кызматынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалым болгондой, 2014-жылы бажы кызматынын мурунку төрагасынын буйругунун негизинде, бажы органдарынын кызматкерлерине премия катары жылдын 2-жарымы үчүн 3 миллион 303 миң 964 сом мыйзамсыз төлөнүп берилген.
Кылмыш ишин мындан ары иликтөө үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.
Эске салсак, 2014-жылы бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеп турган.


