Бүгүн эртең менен «Манас» аба майданындагы баардык каттамдар учуучу-конуучу тилкеге чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу кармалышты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине окурмандар билдиришти.
Маалым болгондой, Санкт-Петербург-Бишкек каттамын ишке ашырган учакты Ошко, ал эми Стамбул шаарынан келген учакты Шымкентке конууга жөнөтүштү. Болжол менен саат 8де жергиликтүү каттамдар иштеп баштады.
«Манас» аба майданынын басма сөз кызматы «24-kg.com» агенттигине билдиргендей, чындыгында эле таңкы саат 6дан 8ге чейин техникалык жана метеошарттарга байланыштуу аба каттамдары жабык болгон. Бирок, чагылгандын түшкөнүн тастыкташкан жок.