21:04
USD 87.45
EUR 101.90
RUB 1.14

Бишкектеги инфекциялык ооруканада бош орун жок

Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканада бош орун жок. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине башкы даарыгер Гүлжигит Алиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканада жаткан 400 бейтаптын 328и жаш балдар.

«Бир күндө 302 адам кайрылган. Анын 105 жаткарылды. Кайрылгандардын жарымы ичи өтүп жаткандыгына арызданышкан», — дейт ал.

Учурда оорукананын жан берүүчү бөлүмүндө эки бейтап жатат. Даарыгердин билдирүүсүндө, экөө тең ахыбалы оор.

Эң көп окулган жаңылыктар