10:06
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.09

Кара-Кулжа району. 12 кишинин ичинен бешөөнүн диагнозу сибирь жарасы деп чыкты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткан 12 кишинин ичинен бешөөнүн диагнозу сибирь жарасы деп чыкты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, калган бейтаптардан анализ алууга мүмкүндүк болгон эмес. Анткени, алардын денесиндеги жаралар өтө кичинекей болгон.

Учурда 3 бейтап ооруканадан чыгарылды. Калган 9у дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар