03:59
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Көчмөндөр оюндары. Дааратканалардын сүрөттөрү жарыяланды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кырчын жайлоосуна III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан дааратканалардын сүрөттөрүн жарыялады.

Аталган агенттик буга чейин дааратканаларды жасап, аларды орнотуу иштерине жалпы 2 миллион 301 миң 700 сом коротула тургандыгын билдирген болчу. 5 орундуу контейнер тибиндеги бир даараткананын баасы 287 миң 718 сомду түзөт. Жалпысынан 8 даараткана коюла турганы маалым болду.

Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын дааратканалар салынат. Ошондой эле, жыгачтан жасалган 20 даараткана орнотулат.

Эң көп окулган жаңылыктар