Бишкекте тартип сакчылары балдарды сатууга шектүү делген дарыгерлерди кармашты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган окуяга шектүү деп кармалган 5 кишинин экөөнө чет жерге чыгып кетпөө тууралуу эскертүү берилген. Калган үчөө № 1 тергөө абагында кармалууда.
ИИМдин басма сөз кызматы 24-kg.com агенттигине аталган фактыны тастыкташты. Бирок, кененирээк маалыматты кийин бере тургандыктарын айтышты.
«Учурда КР Жазык кодексинин «Адам сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда», — деп билдирди ИИМден.


