00:30
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Кара-Суу районунун тургуну огородуна курал-жарактарды катып жүргөн

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун тургуну огородуна курал-жарактарды катып жүргөн. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Ош ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тартип сакчылары АК-74 үлгүсүндөгү тапанча жана 2 магазин, карабин, 29 ок таап алышты.

«Мындан тышкары, 42 жаштагы тургун ок атуучу курал-жарактар салынган ящикти катып жүргөнү аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар