06:39
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Борбор калаанын жашоочулары ысык суунун жоктугуна нааразы

Окурмандар Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдө 15-октябрдан бери ысык суу жок экенин айтып, 24-kg.com агенттигине кайрылышты.

«Суук түштү, ысык сууну токтотуп коюшту. Биз өз убагында ремонт иштерине жана сууга акчаны төлөп турабыз. Бул жылы дагы былтыркы көрүнүш кайталанабы?», -дешет окурмандар.

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКнын билдиргенине караганда, ысык суу болгону жеке үйлөрдө жок. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө берилип жатат. Ысык суунун токтотулганы жылуулук берүүгө даярдык көрүүгө байланышкан, 18-октябрдан тарта бериле баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар